Бактыбек Адылов БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
Бүгүн, 11-ноябрда Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрга чейин белгиленген.