Abank_june
SerepTV Logo

"Жубайына чалып, "мен өлүп калсам, ошол күнөөлүү" деп жатты". Нарында каза болгон маркумдун жакындары аны жол тескөөчү сабаганын айтып чыгышты

"Жубайына чалып, "мен өлүп калсам, ошол күнөөлүү" деп жатты". Нарында каза болгон маркумдун жакындары аны жол тескөөчү сабаганын айтып чыгышты
Президентке Кочкор районунун тургундары кайрылуу жасашты. Анда жарандын МАИ кызматкери тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Видеону жактоочу Шердор Абдыкапаров жарыялады. Маркумдун жубайымын деген аял анын өмүр бою милиция кызматкери болуп иштегенин айтат. "Отставкага чыккан милициянын майору болчу. Жолдошум МАИ кызматкеринин ур-токмогунан каза болуп отурат. Каза болгондон бери укук коргоо кызматкерлери тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Мен операция болуп, өзүмдүн жаным менен алышып, жүрөм", - деди ал. Маалыматка караганда, окуя 12-декабрда саат 19:20 чамаларында болгон. "Маркум досу экөө Москвич унаасы менен токтоп турганда аларга Кочкор районунун МАИ кызматкери барган. Алардын унаасы арыкка кирип кетип, чыгара албай турушкан. Жол тескөөчү барып, унаа кимдики экенин, документтерин сураган. "Мас турбайсыңарбы" деп мурунга чаап буту менен тепкилей баштаган. Ошондо маркум милициянын ардагери экенин айтып, сабалып жаткан кишиге жардам бере баштаганда аны да сабай баштаган. Ал бизди сабап, дагы бир кызматкерди чакырып, унааны айып короого киргизишти. Ошол учурда досум аялына, эжесине чалып, таяк жегенибизди айтып атты. «Эгерде мен өлүп калсам, МАИ күнөөлүү" деди. Экөөбүз Кочкор районунун бейтапканасына бардык. Кызматкер артыбыздан келди. Рентгенге түшкөндө таза экен деп коюшту. Ошол бойдон эртеси ал ооруканага жетпей көз жумду", - деген маркумдун жанында болгон досу. ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя боюнча үн катып, видео менен бөлүштү. "12-декабрда Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында Б.Т аттуу айдоочу жанындагы Т.Т. аттуу досу менен “Москвич 412” үлгүсүндөгү унаасын мас абалында айдап бара жатып, арыкка кирип кеткен. Аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери көрүп, мас абалында экендигин аныктоо жана тийиштүү чараларды көрөйүн дегенде, айдоочу жана жүргүнчүсү кызматкердин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес. Акыр аягы наркологиядан текшертип, спирт ичимдиктерин ичкендиги аныкталган жана унаасы айып короо жайына токтотулган. Ал эми жүргүнчүсү эч кандай дене башы оорубай эле өзү басып, түнү Кочкор РИИБге кызматкерге карата тийиштүү чара көрүү үчүн, арыз жазып үйүнө кеткен. Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүү үчүн бардык материалдар Нарын облусунун Улуттук коопсуздук камитетине жөнөтүлгөн", - дешти. Редакция окуя боюнча Нарын РИИБге да кайрылганыбызда, УКМК тарабынан тергелип жатканын билдиришти.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Шердор Абдыкапаров (@sherdor_abdykaparov)

Робот менен сүйлөшкүңүз келеби? Фестивалга келиңиз

10:55 22.07.2026

Балаңыз чыныгы робот менен баарлашып, сиз болсо 10 мүнөттө сайт жасоону үйрөнөсүз!

15:50 27.07.2026

Royal Central Park Amazing Race 2026 — Бишкектеги бүт үй-бүлө үчүн буга чейин болуп көрбөгөн жайкы укмуштуу окуя

18:29 22.07.2026

Токаев менен Путин Украина, АЭС жана соода тууралуу сүйлөштү: жолугушуунун негизги билдирүүлөрү

12:26 26.07.2026

Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графигин жарыялады

12:23 27.07.2026

Юстиция министри жерлерди 49 жылга ижарага берүү, Кытай жарандарынын саны жана Кытайдан алынган карыз боюнча билдирүү жарыялады

12:02 26.07.2026

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды

17:50 30.07.2026

Кыргыз Республикасына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди

17:39 30.07.2026

Мас абалындагы эркек кишинин улгайган аялга кол көтөрүшү. Милиция алардын жубайлар экенин жана аялы арыз жазуудан баш тартканын билдирди

16:48 30.07.2026