Abank july
SerepTV Logo

Сузакта 23 жаштагы кыз "тишимди дарылатып келем" деп кеткен бойдон дайынсыз болууда

Сузакта 23 жаштагы кыз "тишимди дарылатып келем" деп кеткен бойдон дайынсыз болууда

Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 2000-жылы туулган Розахан Розибаева 18-май күнү саат 10:00 чамасында “тишимди дарылатып келем” деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 155-160 сантиметр, өңү сары жүздүү, кашы, көзү, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк (хиджап), бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим болгон. Көргөн-билгендер болсо, 102, (03748) 5 02 09, 0706 23 85 23, 0558 16 16 91 номурларына чалсаңар болот.