Abank
SerepTV Logo

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду
Жарандык активист, дизайнер Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө ылайык 4 жылдык пробация менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов соцтармактагы баракчасына жазды. "320-берене боюнча толук акталып, 278-берене күчүндө калды. Эң негизгиси, эми үйүндө балдарынын кашында болот", - деп жазылат жарандык активисттин билдирүүсүндө. Бир нече гезиттерде дизайнер болуп иштеген Эрнис Жээнтаев 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. 2026-жылдын февраль айынын ортосунда сот аны алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.