Abank july
SerepTV Logo

Ошто изделип жаткан 81 жаштагы карыянын жансыз денеси табылган

Ошто изделип жаткан 81 жаштагы карыянын жансыз денеси табылган
Ошто 81 жаштагы карыя дайынсыз болуп, изделип жаткан. "23-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Агартуу айылынын 1942-жылы туулган тургуну Бекен Туратов Ош шаарын көздөй бара жаткан маршруттук каттамга чыгып, Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү Ош облустар аралык ооруканасынын аялдамасынан түшүп, белгисиз тарапка кеткен бойдон дайынсыз болууда",- дешкен милициядан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден карыянын жансыз денеси табылганын тастыктап, кенен маалымат берүүнү убадалашты.