Abank july
SerepTV Logo

Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?

Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?
Мартта Кыргызстанда эки майрам белгиленет, ошол эле учурда эки ишемби иш күнгө которулган. 8-март — Аялдардын эл аралык күнү. Нооруз майрамына карата 18-марттан 21-мартка чейин төрт күн катары менен эс алуу болот. 18, 19-март — ишемби жана жекшемби, 20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишембиге) жылдырылды. Ошондой эле 11-мартта (ишемби) 5-январдын эсебинен иш күнү болот. Ал эми 6-январдагы иш күнү 25-мартка (ишемби) жылдырылган.