Манас мэриясы административдик имараттагы өбүшүү боюнча билдирүү таратты
Социалдык тармактарда Манас шаарындагы административдик имараттын бөлмөлөрүнүн биринде эки жарандын кучакташып, өбүшүп жаткан учуру тартылган видео тарады.
Видеодо көрсөтүлгөн жарандар Манас шаарынын мэриясынын, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, ошондой эле башка мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери болуп саналбайт. Тактап айтканда, алар веб-сайттын программаларын иштеп чыгуу үчүн убактылуу иш бөлмө берилген IT адистери экендигин билдиребиз.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин административдик имараттарында коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин сактоо зарылдыгын белгилейбиз. Аталган окуяга укуктук баа берилгенден кийин коомчулукка кошумча маалымат берилет.