Маматканов ооруканалардын КРВИ жана сасык тумоого даярдыгын текшерди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Тез жардам көрсөтүү боюнча шаардык балдар клиникалык ооруканасына барып, курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандардын саны сезондук түрдө көбөйгөн шартта медициналык мекемелердин ишин уюштуруу менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө Улан Маматканов кабыл алуу жана адистештирилген бөлүмдөрдүн ишин, бейтаптарды ооруканага жаткыруу шарттарын, дарылоо-диагностикалык процесстин уюштурулушун, ошондой эле кайрылуулар көбөйгөн учурда медициналык мекемелердин даярдыгын көрүп чыкты.
Оорулардын сезондук көбөйүшүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн 300 орундуу 8 бөлүм даярдалган. Ал эми Тез жардам көрсөтүү боюнча шаардык балдар клиникалык ооруканасында 50 орун уюштурулган.
Өзгөчө көңүл керебеттердин жүктөмүнө, реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн ишине, кадрдык камсыздоого, медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин жетиштүүлүгүнө бурулду. Медициналык мекемелердин жетекчилери стационарлардын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, бейтаптардын агымын бөлүштүрүү жана жүктөм көбөйгөн шартта медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.
Сапардын жыйынтыгында Улан Маматканов Саламаттыкты сактоо министрлигине жана медициналык уюмдардын жетекчилерине кабыл алуу бөлүмдөрүнүн ишин күчөтүүнү, бейтаптарды өз убагында текшерүүдөн өткөрүүнү жана медициналык көрсөтмөлөргө ылайык ооруканага жаткырууну камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү корун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды. Мындан тышкары, стационардык мекемелер, тез жардам кызматы жана саламаттык сактоонун баштапкы звеносундагы уюмдардын ортосундагы координацияны күчөтүү, ошондой эле медициналык мекемелерге түшкөн жүктөм көбөйгөн учурда кошумча чараларды өз убагында көрүү милдети коюлду.
Башкы милдет катары медициналык мекемелердин кайрылуулардын саны көбөйүшүнө, биринчи кезекте балдар арасында, даярдыгын камсыз кылуу, ошондой эле шашылыш жана тез медициналык жардам көрсөтүүдө кечигүүлөргө жол бербөө белгиленди.