Кыргызстандын жөө күлүктөрү Андреева менен Коробицкая Олимпиадага барбай турган болушту
Кыргызстандык спортчулар Юлия Андреева менен Мария Коробицкая Токиодогу Олимпиада оюндарына катышпай турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда белгилүү болду.
Жеңил атлетика федерациясынын журналисттерге берген маалыматы боюнча, Юлия Андреева себептерин айтпастан Олимпиада оюндарына катышуудан баш тарткан.
«Биз андан Олимпиадага катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө расмий билдирүү алдык. Улуттук олимпиада комитетине кабарладык», - деди жеңил атлетика федерациясынын катчысы Иван Щербаков.