Abank july
SerepTV Logo

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык сынакта медаль жеңишти

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык сынакта медаль жеңишти
Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты. Кыргызстан командасы:
1. Фёдор Корнияш, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;
2. Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;
3. Султан Мусаходжаев, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;