Abank july
SerepTV Logo

Космонавт Сергей Корсаков космоско эмне үчүн Кыргызстандын желегин ала барганын айтты

Космонавт Сергей Корсаков космоско эмне үчүн Кыргызстандын желегин ала барганын айтты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде — Космонавтиканын эл аралык күнүндө орусиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Космос станциянын бортунда жеке буюмдарга чектөөлөргө карабастан, ал өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди. Сергей Корсаков мамлекет башчысына 2022-жылдын 18-мартында «Союз МС-21» космостук кемеси тарабынан алып келинген жана 2022-жылдын 29-сентябрына чейин экспедицияны коштоп жүргөн, анын тумары болгондугун тастыктаган, космос станциянын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырды. Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Сергей Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды. Ал ошондой эле космонавтка мындан аркы ийгиликтерди каалап, эстеликке белектерди тапшырды.