Abank july
SerepTV Logo

Чүйдө куткаруучулар буту сынган аялды тоодон түшүрүштү (сүрөт)

Чүйдө куткаруучулар буту сынган аялды тоодон түшүрүштү (сүрөт)

Чүйдө куткаруучулар буту сынган аялды тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

2-апрелде Аламүдүн районуна караштуу Байгелди айылына жакын тоого жолдошу менен эс алганы барган 49 жаштагы аял бутун сындырып алган. Жаранга жардам көрсөтүү үчүн жерине Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылган. Адистер куткаруу шаймандарынын жардамы менен жабыркаган аялды тоодон алып түшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы туруктуу.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="172764,172765"]