SerepTV Logo

"Айрым почточулардын айлыгы 5 миң сом". Парламентте социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү

"Айрым почточулардын айлыгы 5 миң сом". Парламентте социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү
Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай» саатында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусунун Кадамжай районундагы социалдык объектилердин абалына көңүл бурду. Эл өкүлү белгилегендей, Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыштак айылындагы мектеп авариялык абалда турат. Муну менен катар Майдан айыл өкмөтүнө караштуу үч айылда ичүүчү суу жок болгондуктан, жергиликтүү тургундар арыктын суусун пайдаланууга аргасыз болушууда. «Молдонияз айыл аймагына караштуу Умай-Эне айылындагы мектептин маселесин да чечүү зарыл», - деди.

Ал эми депутат Гүлнара Баатырова социалдык колдоо көрсөтүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерин ортого салды. Эл өкүлү аймактарда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар керектүү көндүмдөргө ээ болуп, жөндөмдөрүн өнүктүрүү менен алектенип, мүмкүнчүлүгүнө жараша өздөрүн камсыздай ала турган социалдык шаарчаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Муну менен катар Гүлнара Баатырова I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеке ассистенттер институтун кеңейтүүнү табыштап, аларга жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

Депутат Токтобүбү Ашимбаева Бакай-Ата конушунун тургундарынын инфраструктурага байланыштуу көйгөйлөрү тууралуу сөз кылып, спорт комплексин куруу жана калк үчүн эс алуу жайларын түзүү керектигин айтты. Анын айтымында, ошондой эле жергиликтүү тургундар жакын жайгашкан айнек заводунун ишине, анын ичинен ызы-чуунун деңгээлинин жогору болушуна байланыштуу даттанууларын билдиришүүдө. Муну менен катар дренаждык тутумдун көйгөйү көтөрүлүп, ага ылайык депутат абалды иликтеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын билдирди.

Өз кезегинде депутат Бактыяр Калпаев Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолуп, мигранттарды Федералдык миграция кызматынын реестринен чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө чакырды. Эл өкүлү айрым жарандар анча чоң эмес укук бузууларга байланыштуу аталган реестрге киргизилгенин жүйө келтирди.

Ал эми депутат Уланбек Жаанбаев чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселесине көңүл буруп, курулуш сыяктуу оор жумуштарга башка өлкөлөрдүн жарандарын тартууну түшүнүү менен кабыл аларын белгилөө менен бирге аларды жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, коомдук тамактануу сыяктуу тармактарда ишке орноштуруунун максатка ылайыктуулугу боюнча маселени ортого салды. Ошондой эле эл өкүлү жер мунапысы маселесине токтолуп, учурда тиешелүү комиссия ишин жыйынтыктап жатканын жана көптөгөн жарандар өздөрүнө тиешелүү жер тилкелери боюнча оң чечим күтүп жатканын кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Алишер Козуев Ош-Өзгөн жолундагы унаа тыгыны көйгөйү тууралуу соз кылып, аталган жолдун стратегиялык маанисин эске алуу менен бул багытта ыкчам чараларды көрүү керектигин айтты. Ошондой эле депутат Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Абад айылынын Жипром тилкесинин тургундары үчүн транспорттук байланышты камсыз кылуу максатында көпүрө куруу зарылдыгына көңүл бурду.

Депутат Нуржамал Торобекова Министрлер Кабинетин «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин карап чыгууга чакырып, айрым кызматкерлердин эмгек акысы 5 миң сомдун тегерегинде гана экенин маалымдады. Муну менен катар эл өкүлү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Депутат Медер Чотонов Талас облусундагы бир катар көйгөйлөргө көңүл бурду. Тактап айтканда, Айтматов районунун Кара-Сай айылында калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашырууга 129 млн сом каралган. «Бүгүнкү күндө иштер 50 млн сомго жакын суммада аткарылды, бирок долбоорду ишке ашыруу создугуп жатат», - деген депутат жана иштерди тездетүүнү өтүндү. Мындан тышкары, эл өкүлү Бакай-Ата районунун Май айылындагы пайдаланууга берилбей турган мектептин маселесине, ошондой эле Манас районунун Жайылган айылында ички жолдордун жоктугуна көңүл бурду.

Депутат Илимбек Кубанычбеков аймактардагы медициналык инфраструктуранын абалы тууралуу кеп кылды. Эл өкүлү белгилегендей, Кара-Суу районунун тургундары райондук ооруканада зарыл болгон диагностикалык жабдуулардын, атап айтканда, магниттик-резонанстык томография (МРТ) жана компьютердик томография (КТ) аппараттарынын жоктугуна байланыштуу кыйынчылыктарга туш болушууда. Андан тышкары, депутат өлкөнүн аймактарында дары-дармек менен камсыз кылуудагы көйгөйлөргө токтолуп, калкты дары-дармек менен камсыз кылуу системасын жакшыртуу керектигин кошумчалады.

Ошону менен бирге депутат Рахат Жунушбаева Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Туура-Суу айылында 1 миңден ашуун тургун жашай турганын маалымдап, 40 орундуу бала бакча куруу керектигин айтты. Муну менен катар депутат Жети-Өгүз районунун Ырдык айылындагы электр мамыларынын авариялык абалына көңүл бурду. «Аталган айылдагы бала бакчанын курулушун да аяктоо зарыл», - деди.

Жыйынтыгында депутат Кубанычбек Самаков Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундарынын кайрылуусун тааныштырып, анда футбол аянтчасын куруу зарылдыгы белгиленгенин билдирди. Мындан тышкары, депутат Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында бала бакча куруп берүүнү өтүндү.
SEREP MEDIA