SerepTV Logo

Ысык-Көлдө 300дөн ашуун аркар жана кулжа бир аймакта оттоп жүрүшөт

Ысык-Көлдө 300дөн ашуун аркар жана кулжа бир аймакта оттоп жүрүшөт
 
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу багытындагы иштеринин алкагында Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде өзгөчө көрүнүш катталды.

Коруктун аймагында 300дөн ашуун аркар жана кулжалар бир жерде топ болуп, тынчтыкта оттоп жүргөнү байкалган. Бул көрүнүш Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылышынын байлыгын жана аймакта жапайы жаныбарлар үчүн түзүлгөн табигый жана коопсуз шарттарды айгинелейт. Жаныбарлардын эркин жана тынч жүрүүсү коруктун экосистемасындагы табигый тең салмактуулуктун сакталып жаткандыгынын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Мындай сейрек кездешүүчү көрүнүштөр жаратылышты коргоонун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөтөт.

SEREP MEDIA