Abank_june
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын этабы жыйынтыкталды

Ысык-Көлдө UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын этабы жыйынтыкталды
 
2-августта Ысык-Көлдө UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Жабылуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
 
Бир нече күнгө созулган дүйнөлүк мелдешке ар кайсы өлкөлөрдөн келген алдыңкы пилоттор катышып, жогорку ылдамдык, чеберчилик жана тактык боюнча күч сынашты. Жарыштар эл аралык талаптарга ылайык өткөрүлүп, миңдеген күйөрмандарга өзгөчө таасир калтырды.
 
Жабылуу аземинде жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлыктар тапшырылып, чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон уюштуруучуларга, өнөктөштөргө жана бардык кызматтарга ыраазычылык билдирилди. UIM F1H2O дүйнө чемпионаты Кыргызстан үчүн эл аралык спорттук кызматташтыкты кеңейтүүгө, суу-мотордук спортту өнүктүрүүгө жана өлкөнү дүйнөлүк деңгээлдеги ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү мамлекет катары таанытууга маанилүү салым кошту.