Abank
SerepTV Logo

"Месси, Месси!" Роналду Сауд Арабиядагы күйөрмандарынын күтүүсүз реакциясына туш болду (видео)

"Месси, Месси!" Роналду Сауд Арабиядагы күйөрмандарынын күтүүсүз реакциясына туш болду (видео)
Сауд Арабиянын күйөрмандары өлкөнүн Суперкубогунун плей-офф беттешинде Криштиану Роналдуну адаттан тыш кыйкырык менен тосушту. Бул тууралу Tengri Sport жазды.  Роналду ойногон “Аль-Наср” клубу беттеште 1:3 эсебинде утулуп, күйөрмандар Криштианунун аргентиналык атаандашы – Лионель Мессинин атын кыйкырып жатышты. "Жакынкы Чыгышка чоң акчага көчүп баргандан бери падышадай мамиле жасалган Роналдуну атаандашы Мессинин атын кыйкырып тосуп алышты", - деп жазды Goal.