F1H2O коноктору улуттук спорт менен таанышты
Кечээ, 1-августта Ысык-Көл облусунда өткөн UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өттү. Бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, эң кызыктуу жана эң жогорку технологияларга негизделген мелдештердин бири.
Бул ири эл аралык мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн - Бириккен Араб Эмираттарынан, Австралиядан, Канададан, Эстониядан, Финляндиядан, Франциядан, Италиядан, Норвегиядан, Польшадан, Португалиядан, Швециядан, Улуу Британиядан жана АКШдан келген суудагы Formula 1 H2O боюнча эң күчтүү 18 спортчу катышууда.