Мэр Айбек Жунушалиев ЧЧКнын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшүн текшерди
21-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) Орозбеков көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлүп жаткан жээкти бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Учурда узундугу 800 метрди түзгөн долбоордун биринчи этабы ишке ашырылууда. Каналдын жээктерин бекемдөө иштери эки тарабында тең жүргүзүлүп жатат. Жээктердин мындан ары бузулушуна жол бербөө максатында үч катар кылып габиондук конструкциялар орнотулууда. Долбоордо ошондой эле каналга чектеш аймакты комплекстүү көрктөндүрүү каралган. Тактап айтканда, ЧЧКны бойлой өткөн жолду асфальттоо, сейилдөөчү аймакты уюштуруу, жашылдандыруу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндикти түзүү пландалууда. Курулуш иштерин «Бай-Таш Групп» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.
Иштин жүрүшү менен таанышкандан кийин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аткарылып жаткан иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырма берди.