Суусамырдагы өрттөн жабыркаган мектептин абалы
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагына барып, Кызыл-Ой айылындагы өрттөн жабыркаган Түркмөн орто мектебинин абалы менен таанышты.
19-ноябрь күнү аталган билим берүү мекемесинде өрт чыгып, ашкана, китепкана, бала бакча жана күрөш залы жайгашкан корпусу толугу менен күйүп кеткен. Мектеп жетекчилиги тилсиз жоодон кийин окуучуларга ысык тамак берүү токтоп калганын билдирди. Ошондой эле мектептин 30 жыл мурда курулган негизги корпусунда дагы жылытуу системасы жок болгондуктан, окуу класстары темир меш менен жылытылып келе жатканын белгилеп, заманбап жаңы мектепке муктаждык жогору экенин кошумчалады.

Депутат Бактыбек Чойбеков эмгек жамаатынын жана айыл тургундарынын өтүнүчүн Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөрүн айтып, жаңы мектептин курулушу боюнча тиешелүү иш-аракеттерди көрөрүн белгиледи.