Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында куткаруу иштери жүргүзүлдү
21-ноябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын Рацека алачыгынан түшүп келе жаткан 1996-жылы туулган жаран бутун кокустатып алып, Шаркыратма тилкесине жеткендиги тууралуу 112 кызматына түшкөн.
Жерине Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында нөөмөттө турган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Эдельвейс» куткаруу тобу тартылган. Куткаруучулар бутун кокустатып алган жаранды жанындагы адамдар менен биргеликте коопсуз жерге түшүрүшкөн. Абалы туруктуу. ӨКМ жарандарды тоолуу аймактарга чыгууда коопсуздук эрежелерин сактоого, аба ырайын эске алууга чакырат.